Режиссер кыргыз тилинин мазакталып жатканын айтып чыкты

Режиссер Сүйүн Откеев социалдык тармактагы баракчасында кыргыз тили мазакталып жатканын айтып, видео менен бөлүштү.

Видеодон көргөндөй, алар кыргыз тилинде пиццага буйрутма бере албай коюшкан. «Экини» айта албаган кыргыздар пицца жей албадык. Ыйлайлыбы же күлөлүбү? Бул мекеменин башчысы ким болсо да, кыйын экен, Кыргыз мамлекетинде туруп алып, кыргыз тилин ачык эле мазактап коюптур», — деп жазды ал.