«Кыргызпатенттин» сайтында сойкулардын каталогуна шилтеме жайгаштырылган

«Кыргызпатенттин» сайтында сойкулардын каталогуна шилтеме жайгаштырылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы билдирди.

Анын айтымында, шилтеме интернеттеги ведомствонун расмий сайтында жайгаштырылган. «Кыргызпатенттин сайтында бизнес-инкубатор тууралуу маалымат жарыяланган жана анын астында «каталог роскошных проституток» деген шилтеме бар. Бул расмий сайт», — деди ал. 

Учурда «Кыргызпатенттин» сайтына кирүү жеткиликтүү болбой калды.