Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылганы маалым болду

Бүгүн, 25-ноябрда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акция башталат. Бир күн мурун “Сезим” кризистик борборунун өкүлдөрү журналисттер менен жолугуп, Кыргызстандагы зордук-зомбулуктун абалы боюнча маалыматтарды айтышкан. Ошентип, Глобалдык Аялдардын тынчтык жана коопсуздук индекси боюнча 2021-жылы Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылды.

Кризистик борбордун өкүлдөрү келтирген “Адилет” укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда ар бир үчүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болуп жатат. Аялдардын жана кыздардын жумушта сексуалдык асылуу учурлары боюнча изилдөө отчетуна ылайык, ар бир төртүнчү аял жумушунда сексуалдык ыдыкка дуушар болот.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2021-жылы: