Кыргызстан Дүйшөмбү-Үрүмчү каттамынын учуусуна аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат бере элек

Кыргыз тарап Дүйшөмбү-Үрүмчү багыты боюнча учак учуусу үчүн өзүнүн аба мейкиндигин пайдаланууга азырынча уруксат бере элек. Бул тууралу “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын жарандык авиация агенттигинин басма сөз катчысы Ирина Больбот билдирди.

Ал тажик тарап ушул жылдын 8-февралынан 21-мартына чейин Кыргызстандын аба мейкиндигин пайдалануу өтүнүчү менен кайрылганын, бирок азырынча жооп ала электигин билдирди. «Маселе каралууда», — деди ал.