Кыргызстан жайкы сезондо орусиялыктардын арасында эң популярдуу өлкө болду

2022-жылы жайкы сезондо орусиялыктар үчүн Кыргызстан эң популярдуу өлкө болду. Бул тууралуу Тасс басылмасы жазып чыкты. 
«Туту.ру» саякат боюнча тейлөө компаниясынын маалыматына ылайык, 17,9 % пассажир Кыргызстанды тандаган. 2021-жылга караганда Кыргызстанга билет баасы 21 пайызга көтөрүлгөн. Учурда бир багытка билет баасы орточо 10,5 миң рублду түзөрү айтылат. Ошого карабай Кыргызстанды тандаган орусиялыктар көп болгон.Аба каттамдарынын популярдуулугу боюнча экинчи орунда Тажикстан турат. Тажикстанга 17,7 % адам билет алган. Ал жакка билет мурунку жылга салыштырмалуу 49%га арзандап, орточо 10,1 миң рублду түзөт.

«Туту.ру» компаниясынан билдиргендей, Кыргызстан, Тажикстан, Армения, Өзбекстан, Казакстан, Беларусь өлкөсүнө «ашыктардын» саны көп болгон.