«Кыргызстан жакыр өлкө болгону менен эли бай». Өзбек эли кыргыздардын жашоосуна суктанышууда

Социалдык тармактарда өзбек элинин кыргыздар тууралуу баарлашуусу тарады. Анда кошуна өлкөнүн жашоочуларынын «Кыргызстанда жашоо сонун, кыргыз эли бай» деп суктанып жазганын көрүүгө болот. Твиттердин колдонуучусу «Апрель-май айында 141 миңден ашуун кыргызстандыктар турист катары Өзбекстанга келген. Жумуш же башка максатта эмес, эс алуу үчүн гана. Демек, аларда жашоо шарты бизге караганда жакшы» деп жазган. Анын билдирүүсүнө пикирин жазгандар көп болуп, көпчүлүк Кыргыз өлкөсү жакыр болсо да эли бай, билимдүү экендигин айтышууда. Кошуналардын кыргыз эли тууралуу пикирлерин тартуулайбыз.