Бул жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде уюштурулду. Президент 2024-жылдын февраль айында бир нече өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин башын бириктирген регионалдык жыйында Ооганстанга жардам берүүгө чакырык таштаган. Кыргызстандан буга чейин да аталган өлкөгө азык-түлүк, кийим-кече жана дары-дармектер жеткирилген.
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө
Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...











