Кыргызстан жөнөткөн гумжардам Орусияга жетти. Орусиянын министри Кыргызстандын министрине чалды (видео)

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Орусиянын Оренбург облусуна багытталган гуманитардык жардам 23-апрель күнү жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

350 тоннадан турган «Жардам кербени» узак жана татаал жолду басып өтүп, облустун эки аймагына 10 унаадан бөлүндү. Тактап айтканда, Оренбург жана суу каптоодон эң көп жабыркаган Орск шаарына жеткирилди. Суу апаатынан жабыркаган Орск шаарына жөнөтүлгөн гумжардамдын 2-бөлүгүн Орусиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министри Александр Куренков тосуп алып, кыргыз элине гуманитардык жардам үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал кесиптеши Бообек Ажикеев менен телефон аркылуу байланышып, өз сөзүндө: «Достугубуз кылымдарга! Кыргыз элинин бул жардамы эсибизде түбөлүк сакталат», — деди.