Кыргызстан Кытай, Европа жана Азия өлкөлөрүнө ичүүчү таза сууну экспорттоого даяр. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын суусундук чыгарган компаниясынын башчысы Ван Да менен жолугушууда айтты.
«Биз мөңгүлөрдүн булагында турабыз жана экологиялык жактан таза ичүүчү сууну Кытайга, Европа жана Азия өлкөлөрүнө экспорттоого даярбыз. Лаошан сыяктуу компаниялардын тажрыйбасы керек», — деди ал.
Өз кезинде Ван Да Кыргызстандан ичүүчү сууну экспорттоого кызыгуу артканын билдирди.