Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдары жолукту. Эмнелер талкууланды?

Биринчи айым Айгүл Жапарова 20-январда Тегеран шаарында өтө турган Илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык Конгрессине катышуунун алкагында Ирандын президентинин жубайы Жамиле Аламолхода менен жолугушту. Анда тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Иран президентинин жубайынын айтымында, бул иш-чара аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алардын аракеттерин бириктирет. Айгүл Жапарова Конгресс аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн талкуулоо үчүн жакшы диалог аянтчасы болорун белгиледи. Ал бүгүнкү күндө аялдын ролу абдан чоң жана алмаштырылгыс экенин баса белгиледи. Кыргызстанда аялдар ар кыл тармактарда эмгектенип, коомдук турмушка активдүү катышып, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келишет.