Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 102 чакырымын макулдашты

Акыркы бир жарым жыл ичинде Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 102 чакырым долбоордук сызыгын макулдашты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президентинин басма сөз кызматы билдирди.

«Президенттер эки өлкөнүн ортосундагы 626 чакырымдай узундуктагы мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын макулдашууда жетишилген натыйжага канааттангандыгын билдиришти, анын 102 чакырымы акыркы 1,5 жылда аныкталган», — деп айтылат маалыматта. 

Бул боюнча азырынча президенттик администрация маалымат бере элек.