Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча кезектеги жолугушуу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын башчылары калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулашып, жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди улантуу тууралуу Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна конкреттүү тапшырмалар берилди.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.