Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда Анкара шаарындагы түркиялык “TUSAŞ” компаниясына болгон терактты кескин айыптайт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
«Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт. Кыргыз Республикасы боордош Түркия Республикасын терроризмге каршы күрөштө колдойт», — деп айтылат маалыматта.