Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Тийиштүү келишимге Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол койду.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдиргендей, президент Садыр Жапаровдун 27-28-июнда Түркмөнстанга жасаган расмий иш сапары учурунда Кыргызстанга электр энергиясын жана жаратылыш газын жеткирүү боюнча алдын ала макулдашуу болгон.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август айынан тарта ушул жылдын декабрь айына чейин Түркмөнстан Кыргыз Республикасына 501,9 миллион кВт саат электр энергиясын берет. 9-августка карата Түркмөнстандан 19,2 миллион кВтч электр энергиясы экспорттолду.

Муну менен катар Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газын экспорттоо боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.