Кыргызстан Венгрияда өтүп жаткан гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты (сүрөт)

Кыргызстан Венгрияда өтүп жаткан гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

«Улуу курултайга Венгрия парламентинин вице-спикери Шандор Лежак, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түрк мамлекеттер уюмунун президенти Багдад Амреев, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, Венгриянын Туран ассоциациясынын президенти, Курултайдын негиздөөчүсү Андраш Жолт Биро катышты. Азамат Жаманкулов курултайдын расмий ачылышында сөз сүйлөп, ата-баба мурасынын маңызы болгон маданият майрамы менен куттуктады»,- деп айтылат маалыматта.
Курултайдын программасында “Атиланын боз үйүндө” көргөзмөнүн ачылышы; аренадагы демонстрациялар, илимий баяндоолор, көчмөндөр жүрүшү, концерттик программа, «Аскерлердин парады», салтанаттуу оюн-зооктор менен желектердин парады коштолду.