Кыргызстанда 18 автомектеп текшерүүдөн кийин жабылды

18 автомектеп лицензиялык талаптарды аткарбаганы үчүн жабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Президенттин «Кыргыз Республикасындагы жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында 4-апрелден 27-апрелге чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын кызматкерлери тарабынан 142 автомектептин иши текшерилип, 111 автомектепке аныкталган мыйзам бузуулар боюнча эскертүү берилген. Республикада лицензиясы бар 272 автомектеп бар.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 13 автомектеп гана лицензиянын талаптарын аткарса, лицензия талаптарын аткарбагандыгы үчүн автомектептердин 47 жооптуу кызматкерлерине эреже бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде чара көрүлгөн. Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы республикада 13 автомектеп лицензиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн жабылганын билдирген.