Өлкөдө 229 миң үй-бүлө жакырчылыкта жашайт

Кыргызстанда 229 миң үй-бүлө жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу эмгек министри Кудайберген Базарбаев комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун 103 миң үй-бүлө алат.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинети Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо” долбоорунун алкагында 30 миллион доллар өлчөмүндө насыя алат. “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында социалдык колдоого муктаж дагы 3000 үй-бүлөгө бир жарым миң жарандын ар бирине 100 миң сомдон жөлөк пул берилет. Насыя 50 жылга пайызсыз берилет.