Кыргызстанда 7 миллионунчу жаран төрөлдүбү? Статистика комитетинин жообу

Бүгүн, 18-октябрда социалдык тармактын колдонуучулары Кыргызстанда 7 миллионунчу жаран төрөлгөнүн жазып чыгышты. Маалыматты тактоо үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Улуттук статистикалык комитет менен байланышканыбызда, маалымат калп экенин айтышты.

«Жарыяланып жаткан маалыматтар калп. 7 миллионунчу жаран төрөлө элек», — дешти.

Буга чейин «Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген ыкчам маалыматтарды эске алуу менен өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күнүн эсептөөгө киришти. Эсептелген маалыматтар боюнча бул маанилүү окуя 20-октябрга чейин болушу керек»,- дешкен.