Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде 4469 адам коронавируска каршы эмделди. Анын ичинен 4279 адам биринчи доза менен, 190 киши экинчи доза менен эмделгенин бүгүн, 26-июлда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Облус-шаарларда эмделген адамдардын саны:
— Бишкек шаарында — 400, экинчи доза — 173,
— Чүй облусунда — 63, экинчи доза — 0,
— Ош облусунда — 308, экинчи доза — 0,
— Жалал-Абад облусунда — 1092, экинчи доза — 169,
— Ысык-Көл облусунда — 159, экинчи доза — 10,
— Ош шаарында — 524, экинчи доза — 1,
— Талас облусунда — 285, экинчи доза — 1,
— Баткен облусунда — 1381, экинчи доза — 3,
— Нарын облусунда — 257, экинчи доза — 0.
Жалпысынан Кыргызстанда 460 703 адам эмдөөдөн өткөн:
— биринчи доза менен — 352 877,
— экинчи доза менен — 107 826 киши эмделди.