Кыргызстанда аялдар менен эркектер кайсы ооруларга көп чалдыгып, көз жумушат. Сандар жана фактылар

2020-жылы республикада ар кандай оорулар боюнча бир миллиондон ашык арыздар катталган. Алардын 57 пайызы аялдар жана 43 пайызы эркектер. Эркектер медициналык жардамга аз кайрылышат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

«Жалпы өлүмдүн өзгөрүшүнө эң чоң таасири кан айлануу системасынын ооруларынан болгон өлүм, мында өлүмдүн жарымынан көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан көбүрөөк жабыр тарткан эркектерде болгон. Ошол эле учурда, 2020-жылы бул өлүмдүн себебинен каза болгондордун басымдуу саны эмгекке жарамдуу курактан жогорку адамдар түзөт. Бирок ушул эле оорулар эмгекке жарамдуу эркектердин (36 пайыздан жогору) өлүмүнүн негизги себептери болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Эркектер менен аялдардын арасында онкологиялык оорулардын өнүгүшү да ар түрдүү — эркектер шишиктин бир түрү менен, аялдар башка түрү менен ооруга чалдыгышат. Алсак, аялдар арасында онкологиялык патологиянын алдынкы орунда эмчек безинин залалдуу шишиктери (21%), жатын моюнчасынын жаңы шишиктери (14,8%), ашказандын (7%) жана энелик бездердин (5,5%), анда эркектердин арасында шишиктер ашказандын (20,3%), трахеянын, бронхтун, өпкөнүн (14,5%), лимфа безинин (6,3%) жана простата безинин (5%) шишиктеринин басымдуу болушу менен мүнөздөлөт.

2020-жылы республика боюнча жалпысынан коронавирустук инфекциянын лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 40 миңге жакын учуру катталып, анын кесепетинен 2,4 миң адам каза болгон. COVID-19дан өлүмдүн эң жогорку деңгээли (болжол менен 64%) эмгекке жарамдуу курактан жогорку адамдар арасында байкалган.

Кыргызстанда энелердин өлүмү жогору бойдон калууда. 2020-жылы кош бойлуулуктун, төрөттүн жана төрөттөн кийинки мезгилдеги кыйынчылыктардан 61 аял каза болгон, же тирүү төрөлгөн 100 миң балага дээрлик 39 аял каза болгон.

Ал эми жугуштуу жана мите ооруларына келсек, каза болгондордун дээрлик жарымы кургак учук менен ооруган. Бул оорудан каза болгон ар бир 100 адамдын үчтөн экисинен ашыгы эркектер, алардын 77 пайызы эмгекке жарамдуу курактагылар.

2020-жылы кургак учук менен ооруган эркектер арасында көрсөткүч аялдарга салыштырмалуу 36 пайызга жогору жана калктын 100 миңине 61 адамды түздү (аялдардын арасында 46 учур).

Акыркы жылдарда СПИДден/ВИЧ-инфекциясынан өлүмдөрдүн көбөйүү тенденциясы байкалууда, бул эркектер үчүн эң мүнөздүү. 2020-жылы ВИЧ инфекциясынан түздөн-түз 78 өлүм катталган, анын ичинен 30 аял жана 48 эркек. Бул өлүмдүн себебинен каза болгон эркектердин абсолюттук көпчүлүгү (47 адам же 98%) эмгекке жарамдуу курактагылар.

2020-жылы республикада ВИЧ илдети менен жашаган 675 адам аныкталган, алардын ичинен 65 адам ВИЧ-инфекциясынын 4-стадиясында (СПИД) диагнозу коюлган. Аныкталган адамдардын ичинен эркектер 57%, аялдар 43% түзөт.

Семирүү улуу муундагы калктын арасында олуттуу көйгөй бойдон калууда. 2020-жылы ашыкча салмак эркектердин 41,3 пайызында жана аялдардын 34,3 пайызында катталган. Аялдардын 13,7 пайызы, эркектердин 8,7 пайызы ашыкча салмакка ээ болгон. 30 жана андан жогорку жаштагы эркектердин арасында ашыкча салмактуу адамдардын жогорку үлүшү белгиленди.

Эркектер аялдарга караганда 3 эсе көп өз жанын кыюуга барышат. Жол кырсыгынан эркектердин өлүмү да аялдарга караганда 3 эсе жогору. Өлүмдүн себептеринин түзүмүндө олуттуу үлүштү өлүмдүн табигый эмес себептери (жаратуулар, уулануулар жана тышкы себептердин таасиринен айрым башка кесепеттер – 2 252 өлүм, же 2020-жылы каза болгондордун жалпы санынын 5,6%) ээлейт. Табигый эмес себептерден болгон өлүм эмгекке жарамдуу курактагы калкка (1 723 өлүм, же 2020-жылы эмгекке жарамдуу курактагы каза болгондордун жалпы санынын 13,5%) көбүрөөк мүнөздүү.