Кыргызстанда Carcheck кызматы үчүн акы алуу сунушталууда

Кыргызстанда Carcheck кызматы аркылуу маалымат алуу үчүн акы алууну сунушташууда. Тиешелүү буйруктун долбоору Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2021-жылдын 1-июлунда автоунаалар боюнча маалыматты электрондук түрдө алууга болот деген өзгөртүү киргизилген. Азыр онлайн-тартипте portal.tunduk.kg мамлекеттик кызматтар порталы жана Carchek электрондук кызматы аркылуу каалаган автокөлүк боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк жаралган. Мындан сырткары, транспорт боюнча кайсы бир маалыматты сурам кылып, мобилдик капчык аркылуу да алууга болот.

Суроо-талапты түзүү үчүн кызмат алуучулар электрондук кызматтын маалыматтык системасына, башкача айтканда portal.tunduk.kg порталына же Carcheck кызматына мамлекеттик каттоо номерин жана/же автотранспорттун кузовунун номерин киргизиши керек. «Бул кызмат акы төлөнүүчү болгондуктан, тиешелүү төлөм алынат, анын баасы санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан бекитилет. Электрондук форматта маалыматты суроодо кызматтын баасы болжол менен 10 сомду түзөт деп болжолдонууда. Ошону менен бирге, белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда көрсөтүлгөн күбөлүктөрдү кагаз түрүндө берүү баасы бүгүнкү күндө монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругуна ылайык 120 сомду түзөт», — деп айтылат министрликтин маалыматында.