Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 2021-2023-жылдарга карата COVID-19 менен күрөшүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Жолугушууда учурдагы эпидемиологиялык абал жана өлкө аймагындагы коронавирустук инфекцияны жоюу боюнча узак мөөнөттүү иш-чаралар планы талкууланган.
Жылдыз Бакашова коронавирустук инфекциянын жайылышынан коргоого системалуу мамиле уюштуруу зарылдыгын белгилеп, 2021-2023-жылдарга COVID-19 менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну сунуштады.
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү тапшырды, ал программанын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып, Министрлер кабинетине сунуштайт.
Белгилей кетсек, ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эле эмес, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттери да кирмекчи.