Кыргызстанда динозаврлардын калдыктары табылды (сүрөт)

Кыргызстанда динозаврлардын калдыктары табылды. Бул тууралуу Илимдер академиясынын окумуштуусу Жумакадыр Карамолдоев жазды.

«Ташкөмүр шаарынын түштүк тарабында мезозой тектеринен динозаврлардын калдыктары табылды. Шыйрагы — 63 сантиметр. Оң жактагы сүрөттө омурткалары»,- деп жазды ал.