Кыргызстанда жаңы «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы ишке киришти

5-ноябрда «Аэро Номад Эйрлайнс» ишканасы Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация департаментинен эксплуатантынын сертификатына ээ болгон. Ал эми 19-ноябрда ал биринчи каттамды ишке ашырган. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

«Аэро Номад Эйрлайнс» жаңы ата мекендик авиакомпаниясынын Бишкек-Дели-Бишкек маршруту боюнча алгачкы багыты учуп келди. Чартердик каттам 2021-жылдын 19-ноябрында Airbus А320 аба кемесинде ишке ашырылды. Авиакомпания Бишкек-Дели-Бишкек багыты боюнча каттамдарды ар жума сайын ишке ашырууну пландоодо»,- деп айтылат маалыматта.