Кыргызстандын мектептери, университеттери жана башка билим берүү мекемелери 15-сентябрдан тарта окуу процессин салттуу режимде баштады, салтанаттуу линейкалар билим берүү мекемелеринин алдында өтүүдө.
Окуу процесси, буга чейин Билим берүү министрлиги билдиргендей, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтөт. Оффлайн режиминде окутууну баштоонун маанилүү шарттарынын бири — мугалимдердин жана кызматкерлердин 70 пайызынын эмдөөдөн өтүшү эле.
2020-жылдын мартында мектептер коронавирустун пандемиясына байланыштуу дистанттык окууга өтүшкөн. 2021-жылдын январынан бери 1, 4, 9 жана 11-класстар оффлайн режиминде окушту.












