Кыргызстанда жок болуп кетип, коңшу өлкөдөн алып келинген жейрендер 5 улактуу болду

Жейрендер 5 улактуу болду. Бул тууралуу Биология институтунун омурткалуу жаныбарлар лабораториясынын башчысы Аскар Давлетбаков.

Анын айтымында, 28-30-апрель күндөрү кыргыз жейрендеринин алгачкы төлү туулган. 

Жейрендер Кыргызстанга 2021-жылдын аягында алынып келинген, алар Ысык-Көлдө багылууда, анткени акыркы 20-30 жылдан бери алардын эң көп популяциясы ошол жерде болгон. 2005-жылга карата богок жейрендер Кыргыз Республикасынын аймагында толугу менен жок болгон. Өзбекстандан 15 баш жаныбар жеткирилген.