Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 7 адамдын бешөөсү ооруканада

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, 30-январдан 5-февралга чейин республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 7 учуру катталды.

Катталган 7 учурдун бешөө ооруканага жаткырылып дарыланууда. Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.