Кыргызстанда коронавирустан бир жумада 20 адам көз жумду

Архив

7-сентябрдан 13-сентябрга чейин Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 20 адам көз жумду. Мындай маалыматтар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилди. 

Маалыматка караганда, бул өткөн жумага салыштырмалуу он өлүмгө аз. Каза болгондордун көбү Бишкек шаарында (10), Чүйдө (3) жана Ысык-Көлдө (3) катталган. Талас облусунда эки, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден киши оорудан кайтыш болгон.

Акыркы жумада Ош шаары, Ош жана Нарын облустарында бир дагы өлүм катталган эмес.