2021-жылдын январь-августунда бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 19 миң 586 сомду түздү жана былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
«Улуттук банк аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда, 2021-жылдын январь-августунда бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 231,6 долларды түздү. Эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы республиканын бардык аймактарынын ишканаларында жана уюмдарында байкалды. Орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин эң олуттуу жогорулашы Ош облусунун, Ош шаарынын жана Бишкек шаарынын ишканаларынын жана уюмдарынын кызматкерлеринде байкалды», — деп айтылат маалыматта.
Эмгек акынын эң бийик өлчөмү Бишкек шаарында — 24 миң 931 сом, Нарында — 18 миң 870 сом жана Жалал-Абадда — 18 миң 609 сом көрсөткүчү менен катталган. Былтыркы жылдын январь-августунда бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,7 эсеге жогору болгон.












