Кыргызстанда салттуу баалуулуктар тууралуу “Өзүңдүн саймалуу батаңды түз” аттуу биринчи оюн пайда болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине долбоордун жетекчилери билдиришти.
“Өзүңдүн саймалуу батаңды түз” – бул салттуу баалуулуктар, энелердин батасы, анын ичинде заманбап баталардын маанилүүлүгү, ар бир адам үчүн колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу Кыргызстандагы биринчи оюн.
Долбоордун автору “Открытая линия” фонду. Долбоор «Gonzo Design» студиясы менен биргеликте иштелип чыккан. Долбоорду түзүүдө командага ар кайсы өлкөлөрдөн келген дизайнерлер, маркетологдор жана таргетологдор жардам беришкен. Оюндун өзү 4 деңгээлдеги этаптардан турат. Программа боюнча адис Гүлзат Мукалиеванын айтымында, оюн 64 автордун оюмдарынан турат. «Биз оюн үчүн 64 уникалдуу автордук оюм-чийимдерди түздүк. Ар бир оюм-чийим уникалдуу болуп саналат. Ар бир сайманын астында сиз тандаган саймалуу батанын майда-чүйдөсүнө чейин чечмеленишин таба аласыз», — деди ал.
Оюн үч тилде жеткиликтүү: кыргыз, орус, англис. Оюнду Android же iOS менен телефонуңузга бекер жүктөп алсаңыз болот.










