Cентябрда мектепке барган 1-класстын окуучусу жаңы жылдан кийин 2-класска которулушу мүмкүн

Кыргызстанда сентябрь айында мектепке барган 1-класстын окуучусу жаңы жылдан кийин 2-класска которулушу мүмкүн.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева мындай идея 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында пайда болгонун билдирди. Этап-этабы менен өтүү келе жаткан окуу жылында башталат.