Кыргызстанда В жана С вирустуу гепатиттерин аныктоо жана дарылоо бекер. Бул тууралуу кан менен контакттуу вирустук гепатит жана ВИЧ инфекциясын көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
Өлкөдө В жана С вирустук гепатиттерин диагностикалоо жана дарылоо боюнча кызмат көрсөтүү программасы ишке кирди. Вирустук гепатиттин диагностикасы жашаган жери боюнча жалпы практика борборлорунда же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жүргүзүлөт. Оору аныкталган учурда В же С вирустук гепатитине андан ары текшерүү жалпы практикалык борборлордо же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жүргүзүлөт.