Окуучулар карантинге тарашы мүмкүнбү? Өлкөдө вирустук гепатит, респиратордук инфекция көбөйүүдө

Кыргызстанда айрым жугуштуу оорулар көбөйдү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Артыкбаева Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, вирустук гепатит, респиратордук инфекция жана сасык тумоо күч алууда. «Бирок мен өсүштү олуттуу деп айтуудан алысмын. Ооба, оору күч алууда, азырынча ооруканаларда карантиндик чектөө чаралары киргизилди, башка чаралар жок. Балдардын мектепке баруусун дагы карайбыз, эгер көбөйсө карантин чараларын киргизебиз», — деди ал.