110 миңден ашык үй-бүлө электр энергияга болгон бааны жеңилдетилген тариф менен төлөйт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлик 1-январдан тарта президент Садыр Жапаровдун “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо чаралары жөнүндө” жарлыгы күчүнө киргенин, ага ылайык мамлекеттик жөлөк пул алуучулар үчүн электр энергиясына арзандатылган тариф белгиленгенин белгиледи. Айына 700 киловатт-саатка чейин керектегенде 1 киловатт-саат үчүн 50 тыйындан төлөшөт.
Ошондой эле январь айында 353 835 адам же 110 000ден ашуун үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алышкан.










