Кыргызстандан накталай доллар алып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргыз Республикасынан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Чечимге ылайык, төмөнкүдөй убактылуу тыюу салуу белгиленген:

– резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден көп накталай АКШ доллары суммасында;

– Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10 миңден көп накталай АКШ доллары суммасында;

— Кыргыз Республикасынын жарандары жана резиденттери 10 миңден көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алынат.