Калининград облусунун Гурьевск шаарында «Күнөстүү Кыргызстан-Калининград 2024» кыргыз диаспорасынын 6-жалпы орусиялык форуму болуп өттү. Форумга жергиликтүү бийлик, жергиликтүү ар улуттун диаспора башчылары жана ошондой эле жалпы Орусиянын региондорундагы диаспора башчылары катышышты.
«Форумдун максаты КМШ өлкөлөр арасында туризм жаатына салым катары Калининград жашоочуларын чакырып, биздин Кыргызстаныбыздын кооздугун даңазалоо. Ал эми келген конокторго Калининграддын аймагында жайгашкан туристтер үчүн кызыктуу жерлерге акцент жасоо. Өлкөлөр ортосунда достукту, кызматташтыкты чыңдоого салым кошуу», — деп айтылат маалыматта.










