Кыргызстандык Анара Мурзакулова Орусиянын «Кондитер» шоу берүүсүнүн жеңүүчүсү болду (видео)

Кыргызстандык Анара Мурзакулова Орусиянын «Пятница» каналындагы «Кондитер» шоу берүүсүнүн 5-сезонунун жеңүүчүсү болду.

Ал 1 миллион рублга ээ болду. Финалда ал орусиялык Анастасия Чернова, Катарина Аверина жана Виктория Булышева менен бирге таланттарын тартуулашты.

Тартуу иштери 2021-жылдын жазында болгон. Суперфинал 19-октябрда көрсөтүлдү.