Кыргызстандык Азиза Сыртбаева Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын клибине тартылды

FIFA 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын негизги ырын жарыялады.

Кыргызстандык Азиза Сыртбаева бул музыкалык долбоорго катышкан. «Учурда Катарда жашап, иштейм. Мага дүйнөлүк чемпионаттын расмий клибине тартылууну сунушташты. Бул масштабдуу долбоордун бир бөлүгү болуу мен үчүн чоң сыймык», — деди Азиза.

Видеодогу кыздар менен жигиттер дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө катышкан командаларды чагылдырышат – алардын беттеринде командалардын мамлекеттик желектери түшүрүлгөн. Видеодо Азиза Япониянын атынан чыгып жатат.