Кыргызстандык белгилүү ТикТокчу Аргенбай YouTube’дан Алтын баскыч алды

Өзүнүн Sigma ыкмасы менен белгилүү болгон кыргызстандык ТикТокчу Аргенбай YouTube’дан Алтын баскыч алды. Ал видеосун соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Аргенбайдын учурда YouTube каналында 4 миллион 800 миңден ашуун катталуучусу бар. Катталуучуларынын саны 10 миллионго жеткенде Бриллиант баскычка ээ болот. Ал эми Алтын баскыч 1 миллион катталуучу үчүн берилет.