Физика-математикалык №61 мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы XXVI Балкан математикалык олимпиадасында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Аталган олимпиада 28-июндан 3-июлга чейин Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп, ага 18 өлкөдөн 108 окуучу катышкан. Кыргызстандын командасы өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасына биринчи жолу катышып, команданын курамына төмөндөгү окуучулар кирди:
4. Нурсултан Эшперов — Газпром-Кыргызстан мектеби.
Окуучуларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.