Кыргызстандык окуучулар математика боюнча Азия-Тынч океан олимпиадасында медалдарга ээ болушту

Быйыл математика боюнча Азия-Тынч океан 34-олимпиадасында Кыргызстандын эки окуучусу эки коло медалга ээ болушту. Бул маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Олимпиададан коло медаль алгандар:

№ 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу Фёдор Корнияш. Мугалими — Мамат Ишматов.
Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин 11-классынын окуучусу Тилек Аскербеков. Мугалими — Азамат Аскаров.

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча Азия-Тынч океан олимпиадасына 2009-жылдан бери катышып келишет. Бул жылдар аралыгында Кыргызстандын курама командасы 9 коло медалга ээ болду.

Фёдор Корнияш Казакстанда өткөн математика боюнча республикалык олимпиадада да биринчи орунду алган.