Кыргызстанда жарандар ишеним телефон аркылуу билим берүү тармагындагы түрдүү көйгөйлөрдү билдире алат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
«Ишеним телефон аркылуу мектептерде акча чогултуулар тууралуу жана башка көйгөйлөрдү, ошондой эле арыздарды билдирсеңиз болот. Бала бакча, мектеп, лицей, колледж, университеттеги көйгөйлөр менен кайрыла аласыздар. Фото жана видео далилдерди дагы жиберсеңиздер болот», — деп айтылат маалыматта. Ишеним телефону күнү-түнү иштейт.