Кыргыз жарандары ПЦР-тестсиз кайсы өлкөлөргө бара алышат? Тизме

Кыргызстандыктар ПЦР-тестсиз кайсы өлкөлөргө бара алышат? Республикалык штаб өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады.

КМШ өлкөлөрү: Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусияга киргенде ПЦР-тест талап кылынбайт.

Грузия

15-июндан тарта Грузиянын жарандарынан же Грузияга бара турган чет мамлекеттердин жарандарынан мындан ары COVID-19 вакцинасынын сертификатын же ПЦР-тестинин терс натыйжасы тууралуу маалымдаманы көрсөтүү талап кылынбайт.

Түркия

1-июндан тарта Түркияга киргенде ПЦР-тест же антиген анализинин жыйынтыгын көрсөтүүнүн кажети жок. Бир күн мурун өлкөдө ооруканалардан тышкары, коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынуу талабы жоюлган. Кирүүгө чейин 72 саатка чейин эч кандай терс ПЦР-тестинин отчету же өлкөгө кирген учурдан 48 сааттын ичинде жасалган антигенге ыкчам тест талап кылынбайт.

Кипр

1-июндан тартып Кипр туристтердин кирүүсүнө бардык ковиддик чектөөлөрүн алып салды. Кипрге келген бардык саякатчылардан, алардын келген өлкөсүнө карабастан, эмдөө же ооруп айыкканы жөнүндө жарактуу күбөлүк же терс ПЧР-тест же антиген тестинин натыйжасы талап кылынбайт.

Кыргызстанда ПЦР-тесттин болушу тууралуу талап 1-майдан тарта жоюлган.