Кыргызстандыктар Тажикстандын Япониядагы элчилигинин жанында митинг өткөрүштү

Японияда жашаган кыргызстандыктар Токиодогу Тажикстан элчилигинин алдына митингге чыгышты.

Мекендештер Тажикстандын агрессиясына каршы экенин билдиришкен. «Коңшу мамлекет биздин жерлерди талап кылып, карапайым элдин канын төгүп жатканы абдан өкүнүчтүү. Чек арада балдар өлүп жатат. Агрессордун Кыргызстанга басып киришин токтотууну жана чек арада курал колдонбоону талап кылабыз. Биз Япониянын коомчулугуна жана журналисттерине Рахмондун агрессиясын айыптоо өтүнүчү менен да кайрылдык», — дешти алар.