Кыргызстандын абактарында коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилүүдө

Кыргызстандын аймагында коронавирус жана пневмония учурларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги Жазык аткаруу тутумунун бардык мекемелеринин иштөө тартибин боюнча № 491 буйругун чыгарды. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Документке ылайык, тиешелүү жетекчилерге буйрук кылынат:
— ишенип берилген бөлүмдөрдө эпидемияга каршы режимди сактоо иштерин кайра баштоого, дезинфекциялоо иш-чараларын үзгүлтүксүз жүргүзүүгө;
— кызматка кирүү алдында кызматкерлерди күн сайын текшерүү жана термометрия жүргүзүүгө;
— медициналык беткаптарды милдеттүү түрдө кийүүнү жана колду дезинфекциялоочу каражаттар менен чайкоого;
— социалдык аралыкты сактоо жана жамааттык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууга;
— кызмат өтөө учурунда да, андан кийин да кызматкерлер тарабынан кызматтык тартипти жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузуу фактыларына жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө.

Буйрук темир тор артында отурган жарандарга жана алардын жакындарына да тиешелүү. Мисалы, тергөө изоляторуна киргизилген адамдар экспресс-тест же ПЦР-анализи терс болсо гана кабыл алынат.

Соттолгондорду көрүүгө келген жакындарынан ден соолугунун абалы боюнча ошол эле медициналык документтер талап кылынат. Андыктан биолабораториядан тиешелүү справканы күн мурунтан алууга кам көрүңүздөр.

Ал эми абактагы соттолгондордун жакындары үчүн дагы бир маанилүү маалымат. Тез бузулуучу тамак-аш азыктары менен посылкаларды кабыл алуу чектелет, термикалык жана дезинфекциялык кайра иштетүүдөн өтө турган гана азык-түүлүктөр кабыл алынат.