Кыргыз чек арачылары Өзбек жаранынын өрттөнүп жаткан сарайын өчүрүүгө жардам беришти

Кыргызстандын чек арачылары Өзбекстандын жарандарына жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 20-январда Өзбекстандын аймагында Ала-Бука районунун Ак-Там конушунун тушундагы мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде Өзбек жаранына таандык мал сарай өрттөнгөн. Өзбекстандын чек ара айылынын тургундарына суу жетпей калгандыктан Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары тосмодон ары Кыргызстандын аймагына сууга чыгууга уруксат беришкен. Өз убагында көрсөтүлгөн жардамдын аркасында өрт тез арада өчүрүлгөн.