Жаңы окуу жылынын башталышы менен китептер боюнча бир топ кызыктар коомчулукка тарап, көпчүлүктү кыжырдантууда. Буга чейин мукабасы башка, ички мазмуну башка китептердин видеосу тараган. Кечээ, 12-сентябрда 3-класстын мекен таануу китеби, 11-класстын Кыргызстандын тарыхы китебинин ичи тескери басылган видеосу социалдык тармакка бөлүшүлгөн.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин окурманы 3-класстын китеби менен бөлүштү. Анда Кыргыз Республикасынын гимни, туусу жана герби тескери карап калган.