Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду.
Анын ичинде Кыргыз Республикасынын президентинин үч жарлыгы 1207 кишиге (820 — чоңдор жана 387 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө. Өлкөнүн жаңы жарандарынын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын президентинин дагы бир жарлыгы – 53 кишиге Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө (45 – чоңдор жана 8 бала).
Жалпы арыздар — 1260 адам (865 — чоңдор жана 395 — балдар).









