Кыргызстандын мектептеринде 110го жакын диплому жок мугалим эмгектенет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин Бюджеттик саясат жана каржылык талдоо башкармалыгынын башчысы Гүлнар Тохтакунова маалымат жыйында билдирди.
«Тилекке каршы, 4-курста окуусун таштап кеткен, жогорку окуу жайын бүтүрбөгөн же орто атайын билим алган мугалимдердин контингенти бар. Алардын базалык билими бар, бирок диплому жок», — деди ал.
Мугалимдер жетишсиз алыскы жерлерде дене тарбия, эмгек сабактарын беришет, бирок математика, физика сыяктуу сабактарды окутушпарын айтты.