Кыргызстандын мектептеринде 1-сентябрдан тарта 120 орусиялык мугалим сабак бере баштады. Бул тууралуу Орусиянын Билим берүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде «Чет өлкөдөгү орус мугалими» долбоорунун алкагында мугалимдер иштей баштады. Алар 51 мектепте балдарга билим беришет.











